Бүгүн, 15-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 53 миллион 852 миң 537 (+567 670) адам жуктуруп алды. Анын ичинен 34 миллион 681 миң 795 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 310 миң 433 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 10 миллион 891 миң 7 болду. 245 миң 578 адам каза болсо, 4 миллион 148 миң 444 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 773 миң 479 адамдан аныкталды. 129 миң 188 адам каза болсо, 8 миллион 163 миң 572 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 848 миң 959 адам вируска кабылган. 165 миң 658 бейтап көз жумса, 5 миллион 279 миң 452 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.