Кыргыз өлкөсүнүн биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов өзгөчө абал режими качан алынары тууралуу онлайн жыйын учурунда билдирди.
Анын пикиринде баары кырдаалга жараша болот. “Өзгөчө абал режими коронавирус илдетинин жайылуусу токтогон учурда алынат. Ошондой эле үй карантининде отурган жарандар жаңы адамдар менен байланышын токтотуусу талапка ылайык”, - деди ал.
Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кошумчалагандай, өзгөчө абал режимин алуунун критерийлеринин бири – COVID-19 жугузуп алган учурларды болушунча азайтуу.
“Биз Кытайдын тажрыйбасын көрүп жатабыз. Ал жакта көрсөткүч төмөндөп жатат. Эгер бизде дагы төмөндөп, жаңы катталгандар аныкталбаса, анда ички жайылуу азайды деп эсептелинет”, - деди Чолпонбаев.