Бүгүн, 3-май күнү Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова жана Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов өлкөдөгү эпидемиологиялык абал боюнча брифинг өткөрүштү.
Зуридин Нурматовго "Коронавирустун туу чокусунан өттүкпү?" деген суроо берилди. "Биз буга чейин апрелдин 24-27си деп болжолдогонбуз. Бирок катталган учурларга караганда, коронавирустун туу чокусу 11-20-апрелге туш келди. Анткени ошол учурда коронавирус жуктурган бейтаптар көп катталды. Буюрса, эрежелерди сактасак, май айынын аягына барып, коронавирус акырындап жок болот", - деп билдирди Нурматов.