Бүгүн, 26-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Токтошев коронавирус дүйнөнү каптап жатканын белгиледи.
"Бардык мамлекеттер алдын ала иштерди жасап жатат. Мына Орусия мамлекети 20-февралда Кытай жарандарын убактылуу киргизбей туруу чечимин кабыл алды. Ал эми бизде кандай? Бизде иштеген Кытай жарандарынын 5 миңи Жаңы жылда үйлөрүнө кетиптир, азыр 1 жарым миңи кайтып келди. Калгандары качан кайтып келет? Абал кандай? Чек арада кандай иштер болуп жатат? Ушул тууралуу өкмөттү Жогорку Кеңешке чакырып кенен маалымат угуп коёлу", - дейт Токтошев.
Депутат Таабалды Тиллаев Токтошевдин сунушун колдой турганын айтты. "Өкмөттү чакыра турган болсок экономикалык абалды дагы карашыбыз керек. Өкмөт бул маселеге да даяр болуп келиши зарыл", - деди Тиллаев.