Орусияда сутка ичинде коронавирустан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчү катталды

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 13 миң 754 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 286 адам каза болсо, 8 миң 392 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 3942 (айыккандар 1953);

Санкт-Петербург - 638 (айыккандар 319);

Москва облусу - 439 (айыккандар 299);

Ростов облусунда - 281 (айыккандар 241) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусияда сутка ичинде коронавирустан каза болгондордун рекорддук көрсөткүчү катталды (286 адам). Буга чейинки рекорд 13-октябрда катталган. Анда сутка ичинде 244 бейтап каза болгон.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 354 миң 163 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 23 миң 491 адам каза болсо, 1 миллион 48 миң 97 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан