Акыркы суткада өлкөдө коронавирус аныкталгандардын саны буга чейинки рекордду жаңылады. Тагыраагы, сутка ичинде 205 кишиден коронавирус илдети аныкталды.
Бир суткада илдет аныкталгандардын ичинен 26сы ак халатчандар экени белгилүү болду.
Коронавирустан дарыланып жаткандардын ичинен бир суткада 10 бейтап айыкты делинип, ооруканалардан чыгарылды.
Узап кеткен суткада коронавирустан дагы 3 бейтап каза болду. Алардын экөө 68 жашта, бири 60 жашта болгон.
"Коронавирустун белгилерин байкаган адамдар үйдөн дарыланууну адатка айланта баштады", - деди саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.
Жогорку Кеңештин депутаттарынын айрымдарынан коронавирус аныкталганын саламаттыкты сактоо министри бүгүн, 22-июнда онлайн брифинг учурунда айтты. Кийинчерээк, Жогорку Кеңештин эки депутатынан жана аппараттын үч кызматкеринен коронавирус инфекциясы аныкталганын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу жазып чыкты.
Жалал-Абад шаардык мэриясынын дагы 3 кызматкеринен коронавирус аныкталып, мекеме карантинге жабылды.
"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин коронавирус инфекциясын жуктуруп алганы айтылууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин коронавирус илдетин жуктуруп алган кызматкерлеринин саны республика боюнча 22ге жетти.
Улуттук телерадиокорпорациясынын кызматкеринен коронавирус аныкталды. "Азаттык" радиосунун бир кызматкеринен 22-июнда коронавирус илдети аныкталып, дарыланып жатканы маалым болду.
Бишкек шаарында коронавирус инфекциясы күчөп жаткандыгына байланыштуу медициналык бет кабы жок коомдук транспортто жүргөн жарандар транспорттон түшүрүлүп баштады.
Бишкек шаарындагы бардык ири жана чакан базарларда, соода түйүндөрүндө, дүкөндөрдө апта сайын дезинфекциялоо иштери жүргүзүлөт. Мындан улам мэрия базарларда жүргүзүлө турган дезинфекциялоо иштеринин графигин түздү.
Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров коронавирус менен оорубаганын, андан илдет аныкталбаганын айтып, видео кайрылуу жасады.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди, 3-апрелди, 4-апрелди, 5-апрелди, 6-апрелди, 7-апрелди, 8-апрелди, 9-апрелди, 10-апрелди, 11-апрелди, 12-апрелди, 13-апрелди, 14-апрелди, 15-апрелди, 16-апрелди, 17-апрелди, 18-апрелди, 19-апрелди, 20-апрелди, 21-апрелди, 22-апрелди, 23-апрелди, 24-апрелди, 25-апрелди, 26-апрелди, 27-апрелди, 28-апрелди, 29-апрелди, 30-апрелди, 1-майды, 2-майды, 3-майды, 4-майды, 5-майды, 6-майды, 7-майды, 8-майды, 9-майды, 11-майды, 12-майды, 13-майды, 14-майды, 15-майды, 16-майды, 17-майды, 18-майды, 19-майды, 20-майды, 21-майды, 22-майды, 23-майды, 24-майды, 25-майды, 26-майды, 27-майды, 28-майды, 29-майды, 30-майды, 31-майды, 1-июнду, 2-июнду, 3-июнду, 4-июнду, 5-июнду, 6-июнду, 7-июнду, 8-июнду, 9-июнду, 10-июнду, 11-июнду, 12-июнду, 13-июнду, 14-июнду, 15-июнду, 16-июнду, 17-июнду, 18-июнду, 19-июнду, 20-июнду, 21-июнду окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.