Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин саны 11ге жогорулады. Муну менен медицина кызматкерлеринин арасында оорудан жабыркагандардын жалпы саны 6 миң 354 болгонун республикалык штабдан билдиришти.
Акыркы суткада:
Бишкекте – 5;
Баткенде – 1;
Ысык-Көлдө – 1;
Нарында – 1;
Чүйдө – 2;
Таласта - 1.
Ал эми өлкө боюнча илдеттен айыккандардын саны жалпы 5 миң 651ге жетти.