Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму дүйнө жүзүн дагы бир кооптуу вирус каптай тургандыгын билдирди

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун директору Тедрос Аданом Гебреисус дүйнө дагы бир коркунучтуу вируска кабыла турганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-майда Женева шаарында өткөн брифингде билдиргендигин чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыгышты.

Анын айтымында, дүйнөнү каптай турган вирус коронавирустан бир канча эсе жугуштуу жана кооптуу. Анын кесепетинен өлүмдүн саны жогорулашы толук ыктымал.

"Учурда бүткүл дүйнө эли коронавирус илдети менен күрөшүп, кадимки жашоо образына келүү оор болуп турган чагы. Бул илдеттин айынан канчалаган кейиштүү окуялар катталды. Пандемияны жеңүүнүн бирден бир жолу коронавируска каршы вакцина алуу, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди так сактоо. Бирок бул талаптарды баары бирдей аткарбай эле. Эгер ушул темп менен кете турган болсок, анда күтүлүп жаткан вирустун адам өмүрү үчүн кооптуулугу дагы өсөт", - деген ал өз кайрылуусунда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
rysik79
2021-05-24 23:42:00
Оозуңа кара таш жээ кара шланга.
+10
Kyrgyz_bloger
2021-05-25 03:23:32
Дуйнодогу элди азайтуу планы аткарыла элекпи,же дагы миллиардер болгусу келгендер коп окшойт.
+4
mirlanpiter
2021-05-25 03:55:35
Дабдриус Галдириус бир апыртып койду бир болсо...
+2
Mylatka..
2021-05-25 11:58:32
Искуственный грипп бул короновирус атайылап жайылтып жатышат десе анса ишенчү эмес элем,эми точьно ишендим....асмандан акча жаап жаткандарга короновирус аздык кылып эми андан күчтүрөөгүнө өтүштү окшойт.Аллах силерге жетиштү....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан