Түркмөнстанда кезекте турган кош бойлуу аялды 8-класстын окуучусу ичке тээп жиберип, аял баласын жоготуп алды

Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өсүмдүк майын сатып алууга кезекке турган кош бойлуу аялды 8-класстын окуучусу ичке тээп жиберип, аял 6 жумалык баласын жоготуп алды. Мындай маалыматты түркмөн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматта окуя жергиликтүү дүкөндүн алдында чыккан чырдан улам орун алганы айтылат.

"Тавус Атакишева аттуу үч баланын энеси кезеги жок алдыга чыгууга аракет кылган окуучуну тилдеп, эскертүү берген. Буга ачуусу келген бала келинди ичке тээп жиберген. Кош бойлуу келин ичин кармаган бойдон кыйкырып жерге отуруп калганда, эл "Тез жардам" кызматын чакырган. Кийин аял баласын жоготуп алганы маалым болгон. Ал эми аны ичке тээп жиберген бала кармалып, учурда териштирүү иштери жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
0001KG
2020-05-31 08:33:27
Ахмак, айбандын гана баласы бир адамды өлтүрүп тыныпсыңда ёлый.
+13
Dani
2020-05-31 09:32:03
Акмак дегенден башка соз айта албайм,жазанды ал
+8
algakaray
2020-05-31 09:37:29
Кийин чонойуп озунун айалы кош бойлуу болгондо анан аттин! - дейт да.
+8
sale-81
2020-05-31 13:59:40
Мындай балдардын акырын кармап бутунун бармагын кесип коюш керек, анан ага өмүр бою урок болуп калат, ага да болбосо бир бүтүн кесип коюш керек, карагандан пайда жоок
+1
satyke
2020-05-31 14:34:39
Оз элин ушул даражага жеткирген президентине наалат.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан