АКШда резонанс жараткан окуя. Каза болгон Жорж Флойд менен полиция кызматкери кесиптеш болгон

АКШнын Миннеаполис шаарында кармоо учурунда каза болгон теги африкалык Жорж Флойд менен аны дем алдырбай басып турган полиция кызматкери бир жыл мурун чогуу иштешкен. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 46 жаштагы маркум Жорж Флойд менен 44 жаштагы офицер Дерек Шовен бир жыл мурун бир түнкү клубда коопсуздук кызматында иштешкен. Клубдун жетекчиси Майя Сантамариянын айтымында, экөө жакын тааныш болбосо да, кээде жумушта көрүшүп калышчу. "Жорж жүзүнөн жылмаюу кетпеген ачык мүнөз адам болчу. Шовендин кандай адам экендигин билип туруп, дем жетпей бараткан кесиптешин угуп койбогонуна ишене албай жатам", - деп эскерет Майя.

Эске салсак, 25-май күнү 4 полиция кызматкери Жорж Флойдду жасалма чек колдонгон деген шек менен кармашкан. Полициянын бири аны жерге жаткырып, моюнуна бутун коюп алганын көрсөткөн видео тараган. Алгач "мен дем ала албай жатам" деп жалбарган Флойд бир аздан кийин эсин жоготкон. Аны "Тез жардам" кызматы менен ооруканага алып барышканы менен сактап кала алышкан эмес. Кармоо учурундагы видео коомчулукка тараган соң элдин нааразычылыгын пайда кылып, көчөгө каршылык акцияларына чыгышкан. Кийинчерээк Дерек Шовен кармалып, "3-даражадагы өлтүрүү, атайлабаган өлтүрүү" беренеси боюнча кылмышка шектелген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
0001KG
2020-05-31 09:13:02
Бир таарынычтар болгонго ортолорунда.
0
Arstan18.18
2020-05-31 19:16:09
Ак адамдын ичи толо кара экенда. Коро албай жургонго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан