Кыргыз өлкөсүндө коронавирус алгачкы ирет катталган 18-марттан бери жарым ай өткөндөн кийин 2-апрелде аталган илдеттен улам алгачкы бейтап каза болду. Маркум Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну жана кичи ажылык зыяратынан кайтып келгендердин бири экендиги маалым болду.
Коронавирус жуктуруп алгандар дагы 14 адамга көбөйүп, жалпы саны 130га жетти. Анын 104ү өлкөнүн түштүк аймагында катталгандарга туура келет.
Баткенде 34 жаштагы келин коронавирустан айыкты.
Дүйнөлүк банк коронавируска каршы күрөшүү үчүн Кыргыз өлкөсүнө 12 миллиондон ашуун доллар бөлдү.
Күн ичиндеги кабарлардын ток этери Кыргыз өлкөсүндө коронавирус аныкталгандан тарта жарыяланууда. 18-март, 19-март, 20-март, 21-мартты, 22-мартты, 23-мартты, 24-мартты, 25-мартты, 26-мартты, 27-мартты, 28-мартты, 29-мартты, 30-мартты, 31-мартты, 1-апрелди, 2-апрелди окугуңуз келсе, ошол күндү басуу аркылуу тиешелүү шилтемеге өтө аласыз.