Индиянын полициясы чалгынчылыкка шектелип кармалган пакистандык көгүчкөндү 3 жылдан кийин бошотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 3 жыл мурун көгүчкөн Индия менен Пакистан өлкөсүнүн талаш чек арасынан учуп бараткан жеринен кармалган. Жашоочуларды көгүчкөндүн бутундагы номер шек жараткан. Бул революциялык уюмдун мүчөлөрү үчүн берилген сырдуу код болушу мүмкүн деп болжошкон. "Бул жөн гана күнөөсүз канаттуу. Көгүчкөндөр арасында өткөрүлгөн жарышка катышкан. Ал эми анын бутундагы номер менин номерим", - деген Хабибулла аттуу көгүчкөндүн кожоюну. Пакистанда чымчыктардын жарышы популярдуу оюн катары кабыл алынат жана ага катышкан канаттуулар байма-бай жоголуп кетери айтылат.
Маалыматка караганда, көгүчкөндү Индия тарап 2016-жылы октябрь айында камакка алышкан. Анын таманында "Лашкаре-Тайбе" террордук тобунун мүчөлөрү тарабынан жазылган коркутуп-үркүтүү каты катылганы жазылган.