Өлкөдө коронавирус менен ооругандардын саны азайып жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда айтты.
"Акыркы учурда лаборатордук түрдө тастыкталган коронавирус инфекциясынын азайгандыгы байкалууда. Ошол эле учурда репродуктивдик сан деген бар. Бул бир адамдын канча адамга жуктурган санын көрсөтөт. Июль айындагы көрсөткүчтөрдү карап көрсөк, ооруп жаткан адам башка адамды 0,5 пайызга гана жуктуруу мүмкүнчүлүгү бар экени белгиленди. Оорулуунун абалы боюнча бөлүштүрүү: 13 миң 177 адам же оорудан жабыркагандардын 36,3 пайызы симптомдору билинбей ооруган адамдар.
Ал эми жеңил түрү менен 10 миң 781 – 29,7 пайыз адам ооруган. Бүгүнкү күнгө катталган учурлардын саны 41 миң 69 адамды түздү. Эл арасында бул чыныгы статистикага туура келбейт деген маалыматтар бар. Эгерде, биз расмий маалматтан сытрткары, медициналык мекемеге кайрылбаган симптомдору билинбеген же жеңил түрү менен ооруган адамдарды ала турган болсок болжол менен 160 миң адамдын тегеригенде бейтаптар айыгып чыкты десек болот", - деп билдирди Каратаев.