Маалыматка ылайык, Токтогул көчөсүнүн Турусбеков көчөсүнөн Үмөталиев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө магистралдык жылуулук тармагы реконструкцияланат, ал 15-сентябрга чейин созулат.

"ГлавТехИнвест" ЖЧКсы бөдрөтчү уюму Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги жылытуучу камераны реконструкциялоо боюнча иштерди аткарат, 20-августка чейин жол кыймылы жарым-жартылай тосулат.

Бардык иштер керектөөчүлөрдү жылуулук менен камсыздоонун сапатын жакшыртууга багытталган жана Капиталдык курулуш башкармалыгынын чыгарылган буйруктарына ылайык жүргүзүлөт", - деп жазылат мэриянын маалыматында.

Шаардык мэрия келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана айдоочулардан маршрутун алдын ала пландап алууларын суранабыз.