Германия коронавирустун жайылышы боюнча дүйнөдө 5-орунда турат. Чет элдик маалымат булактары анда ооруну жугузуп алгандардын саны 107 миңден, каза болгондордун саны 2 миңден ашканын жазышууда.
SUPER.KG порталы Германиянын Крефельд шаарында 7 жылдан бери жашап жаткан Касиет Асекова менен учурдагы абал, анын ой-пикири тууралуу кыскача маек курду. Асекова Нарын облусунун Ат-Башы районунда чоңойгон. 2013-жылы Германияга кетип, 2 жыл тил курсун окугандан кийин, Berufskolleg Vera Beckers деп аталган окуу жайына тиш дарыгери бөлүмүнө окууга тапшырган. Анда окуп жатканда эле тиш дарылоочу клиникада кесиптик жолун баштаган. Ушул тапта клиникада тиш дарыгеринин ассистенти болуп иштейт.
- Касиет, Германия вирустун жайылышы көп болгон мамлекеттердин катарында турат. Муну немистер кандай кабыл алышты?
- Бул эми Германияда эле болуп жаткан жок. Буга байланыштуу немистер чоң бир чочулоого кабылды деп айта албайм. Коронавирус аныкталып, жайылып баштаган алгачкы күндөрдө чынында дүрбөлөң болушту. Дүкөндөргө барып азык сатып алышып, карантинге карата кам көрүштү. Бир аптадан кийин дүрбөлөң басаңдай түштү. Азыр башка түшкөн нерсени кабыл алуудан башка арга жок экенин моюндап калдык.
Мен жашаган Крефельд чакан шаар, миллионго жетпеген калк жашайт. Бул калаада 300 кишиге оору жугуп, бирөө каза болду. Шаарга карантин киргизилген. Бирок катуу тартиптер киргизилген жок. Көчөдө 2 адамдан ашык болуп баспоо керек, эл топтолгон жерге барбагыла, жыйын өткөрбөгүлө деген дүйнө элдеринде коюлуп жаткан эрежелер сакталууда. Анын үстүнө бардык оюн-зоок, көңүл ачуучу борборлор, билим берүү мекемелери, кийим саткан дүкөндөр, ресторан, кафелер жабык. Элдин бара турган жери жок болгондуктан, тартип бузуулар деле жок. Тартип негизи эле катуу да бул жакта, азыр эрежелерди бузгандарга 200 евродон жогору айып салынат. Ошондуктан мыйзамды сыйлашат.
- Сиз азыр иштеп жатам дедиңиз, жумушка кандай барып келип жатасыз? Коомдук транспорт жүрүп жатабы?
- Ооба, биз иштеп эле жатабыз. Тиш дарылоо клиникасында тиш дарыгеринин ассистентимин. Жумуш, тагыраагы бейтаптар бир аз азайды. Бирок келип эле жатышат. Жумушта мурда деле гигиена боюнча абдан катуу тартип бар эле, азыр аны мурдагыдан да күчөттүк, бейтаптар менен болушунча байланышты азайтуу чаралары менен иштеп жатабыз.
- Бизде көп мекемелер иштебей, эл жумушсуз калып, анын кесепетинен каатчылыкка туш болуу көрүнүшү көп. Ал жакта да барбы бул жагдай?
- Ооба, бул көрүнүш карантин киргизилген бардык эле өлкөлөрдө болуп жатат деп ойлойм. Мен байкап эле жатам, финансылык кризис үй-бүлөлөрдө болууда жана болот. Бирок жумушсуз отуруп калгандарга мамлекет айлыктын кайсы бир пайызын төлөп берип жатат. Мисалы, мен иштеген жерде жумушу аябай кыскарып кеткендер бар, ал учурда аларга мамлекеттик жардамдар көрсөтүлөт. Бул жарандардын индивидуалдык абалына жараша чечилип, жаран таптакыр акчасыз калбашы үчүн жардамдар берилет.
- Германия оору көп жайылган өлкөлөрдүн дээрлик сап башында турат. Буга эмне себеп болду?
- Жергиликтүү калк арасында чет мамлекетке чыгып, кайра келгендер көп, ошого байланыштуу оору тез көбөйүп кетти деп айтып жатышат.
- А сиз өзүңүз бул пандемияны кандай кабылдадыңыз, мекенден алыста жүргөндө чочулоо болдубу?
- Мен Германиянын абалына караганда Кыргыз өлкөсүнүн абалынан көбүрөөк тынчсызданып жатам. Ата-эне, бир тууган, жакындарымдын баары ошол жакта, аларды да ойлойм. Анын үстүнө Европа өлкөлөрү медицина жагынан алда канча дараметтүү, өнүккөн. Ошого карабастан коронавирус ылдамдык менен жайылып жатат. Кыргыз мамлекети чакан, бюджети да кенен эмес, медицина тармагын өнүктүрүү аракеттери көрүлүп жатканы менен бул пандемияда кандай болот деген нерсе ойго салууда. Кантсе да мекениме жана дүйнөгө бул пандемиядан эсенчиликте чыгышыбызды каалайм.