Бишкекке Таиланддан Кыргыз жарандары кайтып келди

Кечээ, 1-августунда Тышкы иштер министрлиги Казакстан тарап менен биргеликте Таиланд өлкөсүнөн 7 Кыргыз жаранын кайтаруу иши жүзөгө ашырылды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, биздин жарандар "SCAT Airlines" казакстандык авиакомпаниясынын чартердик каттамы менен Бангкок шаарынан Алматы шаарынын эл аралык аэропортуна учуп келип, Бишкек шаарына атайын транспорт менен чыгарылган.

Чет мамлекеттерде калып жаткан жана Мекенине кайтып келүүнү каалап жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтаруу боюнча мүмкүн болгон маршруттарды издөө, ошондой эле өнөктөш өлкөлөрдүн жардамы менен, иштер улантылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан