Пентагон Вашингтонго 1600 аскерин жөнөттү

АКШнын борбору Вашингтондун аймагына 1 миң 600 аскер кызматкерлери жөнөтүлдү. Бул тууралуу америкалык басылмалар АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штабы - Пентагондун расмий өкүлү Жонатан Хоффманга таянып жазып чыгышты.

Анда Хоффмандын: "Аскер кызматында жүргөндөрдү борбордун аймагында жайгашкан аскердик базаларга жайгаштырдык. Вашингтондун ичинде аскерлер жок. Учурда аскер кызматкерлери жогорку согуштук даярдыктагы режимде иштеп жатышат. Бирок алар граждандык бийликтин иш-аракеттерине катыша элек", - деп айтканы жазылган.

Эске салсак, 25-майда теги африкалык болгон Жорж Флойддун полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөндөн кийин АКШда нааразычылык акциясы күч алган. Акыркы маалыматтар боюнча, массалык баш аламандык учурунда дагы 11 адам каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Milduri
2020-06-04 14:17:50
Американын эли эми сабырдуу болуп митингдерди токтотпосо жакын арада мамлекетин жок кылып алышат. Мексикадагы эл да араң эле турат Американы жарып киргени.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан