"Кант" авиабазасы же болбосо анын жер тилкеси сатылганы жатыптыр" деген ушактарга ишенбеңиздер" дейт депутат Пирматов

"Кант" авиабазасы же болбосо анын жер тилкеси сатылганы жатыптыр" деп кечээтен бери ушак көбөйүп кетти" деп бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Исхак Пирматов социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"Тийиштүү комитеттин төрагасы катары унчукпай коё алган жокмун. Ишенбеңиздер. Бардык документтер, кагаздар ачык, бардык сайттарда жайгаштырылган. Ошол жерден бир карыш жер тилкеси же болбосо базанын территориясынын менчикке өткөрүлүп берилип жаткандыгы жөнүндө бир сөз табылса, анда ошол айтылып жаткан саткын жана башка деп өзүм кыйкырып, сап башында турмакмын.

Бир нерсеге ишенерден мурун расмий кагазын, жазуусун окуп коюуңуздарды өтүнөт элем. Кеп учак учуп конуучу сызык жаңылангандан кийин бетон плиталарынын менчик болуусу жөнүндө гана болуп жатат. Бирок анысы дагы келишимдин мөөнөтү бүтөрү менен Кыргыз өлкөсүнө өтөт. Анын астындагы жер же болбосо башка жер тилкеси жөнүндө бир да сөз жок, болушу мүмкүн эмес. Биз анчалык эле сабатсыз эмеспиз, бир чечим кабыл аларда тиешелүү документтерди окуйбуз. Анан дагы эч кайсы кызмат орун жана бүткүл дүйнөнүн байлыгы - мекендин бир карыш жерине татыбайт жана биз үчүн азгырык боло албайт. Кечээ комитеттин күн тартибинен алып салганыбыздын себеби - Жер ресурстар агенттигинин корутундусунун келбей калганы болду. Буюруса, кийинки аптада комитеттин жыйынында бул маселени кенен карайбыз", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан