Дүйнө жүзүн каптаган пандемияга карабастан, Түркмөнстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата аскер парады жана майрамдык иш-чаралар өтөт. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, майрамдын урматына маданий иш-чаралар өтүп, ардагерлерди жана алардын жубайларын сыйлоо аземи болот.
Түркмөнстандын башчысы КМШ өлкөлөрүн да майрамдык иш-чараларды өткөрүүгө чакырып, майрамга даярданууда биргеликте иш алып барууга чакырган. Азыркы тапта аскерлер жана парадга катышчу атайын техника даярдыктан өтүп жаткан кези.
Өлкөдө коронавирус инфекциясы жок деп жарыялаган бул өлкөдө массалык иш-чаралар эч үзгүлтүккө учурабастан өтүп жатат.