Жорж Флойдду өлтүргөн полиция кызматкери 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн

Жорж Флойдду кыйноо жолу менен өлтүргөн полиция кызматкери Дерек Човин 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, мурунку полиция кызматкери Дерек Човинге экинчи даражадагы адам өлтүрүү боюнча айып тагылууда. Миннесота штатынын прокуратурасы билдиргендей, бул берене боюнча Дерек Човин 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ал эми анын кесиптештери Жей-Александер Кьюн, Томас Лейн жана Ту Тао экинчи даражадагы адам өлтүрүүгө жардам бергендиги үчүн айыпталууда.

Эске салсак, 25-майда теги африкалык болгон Жорж Флойд полиция кызматкери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн. Мындан улам АКШнын бир нече шааарларында нааразычылык акциясы күч алып, баш аламандык жаралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
gute
2020-06-04 12:45:48
Туура адам олтургондордун орду турмо.
Буларды турмодогулор эзип, кыйнап анан жок кылышат. Тем более бывший менттер
-1
001KG
2020-06-04 12:59:36
Калп эле ушинтип туруп, чет өлкөгө түртүп ийишетта. Тополоңду басуу үчүн эми үн катып жатышат, айлалары кеткендеги реакциясылары. Башында эмнеге мындай реакция кылышпады, сразу камакка алышпады, жөн гана жумушунан алып коюшуп кутулушту эле!!!
-5
nur090909
2020-06-04 13:05:11
Атайын олтургон эмеско. 40жылго ото эле коп болотго. Бизди кыйнап мыкаачылык жол мн адам олтургондор 10жылга жетпей чыгып кетет. Акчасы барлары камалбайт дагы.
+9
Saliman
2020-06-04 13:41:30
nur090909,туура айтасыз атайлабады да кокустук болдуго.
+4
001KG
2020-06-04 14:39:51
Saliman, Кайда кокустук? "Демим кысылып аба жетпей жатат" деп жалдыраптырго, же аны укпадыбы тиги айбан чалыштар?
-3
bond02
2020-06-04 15:23:17
nur090909,АКШ сенин Кыргызстанын эмес да.
0
Mister-X
2020-06-04 20:47:40
nur090909,Кандайча кокустук?Видеосун корсонор,анан билесинер.
0
Belek1710
2020-06-04 14:03:00
Эмнеси кокустук, 6 минутага чейин кокустук эмес, жанындагылар видеого тартып карап турбастан, кишен салып алып кетсе болмок да.
-4
Mister-X
2020-06-04 20:50:09
Кызык,атайын олтургон десе минус баскандар коп экен.Кокустук десе плюс басыптыр.Суперди Америкалыктар басып кеткен эмесби?Видеосунда ачык эле корунуп турат го.Олуп калгандан кийин да кое берген эмес.Наркотик саткан деп журот бироосу,наркотик эмес жасалма чек саткан 20 долларга.Ошон учун ушундай жырткычтыкка барышабы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан