+170. Жалпы сан 3 миңдин чегинен ашты. Коронавирус жаңы аныкталгандардын көбү Бишкек жана Чүйдүн тургундары

Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө дагы 170 адам коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Маалыматты саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Алардын ичинен:

Бишкек шаары - 56;
Чүй облусу - 43;
Ош шаары - 14;
Ош облусу - 22;
Баткен облусу - 1;
Жалал-Абад облусу - 19;
Ысык-Көл облусу - 15.

Жогорудагы 170 адамдын ичинен 4өө гана чет жактан келгендер болуп саналат. 41 пайызынын гана илдетти жуктуруп алуу булагы аныкталса, калганынын булагы аныкталган эмес.

21-июнга карата өлкө боюнча коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 3 миң 151 киши. Булардын ичинен чет өлкөлөрдөн илдет жуктуруп келгендердин саны 240 адамды түзөт.



Акыркы сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр – 4 334 адам.

Жалпы үй карантининде оорусу белгилери жок өтүп жаткан 575 киши турат.



Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
NURSAPAR
2020-06-21 11:45:50
Карантин кайра башталат окшоооойт.
+4
bond02
2020-06-21 12:48:56
Алдаба, алдаба алдаба сеен деген ыр бар беле.
0
Bayjigit83
2020-06-21 14:34:15
bond02,Ишенбеейм жалгандаргаа..деген да ыр бар.))
+2
anonymous
2020-06-22 08:27:12
bond02,алдаба деп сага окшоп ырдаган досум бар эле оору жугуп температурасы которулуп ырдай албай калды
0
Rifle_I
2020-06-21 23:18:38
Күндө көбөйүп жаткан цифра жүрөк өйкөө болуп жатат. Иш токтоп калса дагы отуруп калабызбы деп.
Акча иштеш керек болуп жатат.

Мынча адам каяктан чыгып жатат ? Же өздөрү кайрылып жатабы ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан