"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасына жарандар үйдөн отуруп кайрылса болот (видео)

"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасына жарандар үйдөн отуруп кайрылса болот. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматта өлкөдө өзгөчө кырдаал киргенине байланыштуу "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасы онлайн режимде иштөөгө өткөнү айтылат.

"Эми жарандар арыз, документ жана табыштамаларын www.bga.kg сайтында жайгашкан "Интернет-кабылдамага" таштаса болот. Сайтка катталгандан кийин тапшырылган документтердин аткарылышын жеке кабинеттен текшерип тура алышат. Бирок ошол эле маалда топографиялык сүрөткө түшүрүү, архитектуралык, инженердик-техникалык табыштамалар "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасынын имаратынын кезекке туруу менен кабыл алынат. Бирок бул учурда жарандардан дистанцияны сактоо талап кылынат", - деп айтылат маалыматта.

Консультациялар боюнча төмөндөгү телефондорго кайрылса болот:

(0312) 31 72 94; 35 30 52; 45 68 47

0 701 31 70 02, 0701 31 70 01.


"Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик ишканасына жарандар үйдөн отуруп кайрылса болот
"Бишкек башкы архитектура" толук көлөмдө иш алып барышат
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан