Коронавирустан айыккан футболчу Хадсон-Одои: "Башында мен жөн гана дене табым көтөрүлүп жатат деп ойлогом"

Англия курамасынын жана лондондук "Челси" футболдук клубунун жарым коргоочусу, 19 жаштагы Каллум Хадсон-Одои коронавирус жуктуруп алгандыгы кабарланган. Өзүнүн оорусу жана азыркы акыбалы тууралуу ал клубдун басма сөз кызматына билдирген.

"Үч апта мурун менин дене табым бир аз жогорулап, өзүмдү башкача сезгем. Эртеси күнү деле өзүмдү жакшы сезип жүрдүм, бирок дене табым жогору бойдон калды. Андан соң мага коронавирус жуктуруп алгандыгымды айтышты. Мен азыркы убакта өзүмдү аябай жакшы сезип калдым. Бул вирусту жеңип чыктым. Ооруп жаткан учурда бардыгы мага дем-күч берип жатышты. Бул колдоо мен үчүн аябай жагымдуу болду", - деп билдирген футболчу.

Буга чейин коронавирус жуктуруп алган футболчу Пауло Дибала дагы бул оорудан айыккандыгын билдирген.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
murat17
2020-04-02 17:01:48
жаш талант Англиянын келечеги
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан