"Жабыркагандардын көбү балдар". Кытайда колуна бычак алган кароолчу окуучуларга кол салды

Кытайдын Гуанси-Чжуан деп аталган автономдук районундагы мектепте колуна бычак кармаган адам окуучулар менен мугалимдерге кол салган. Бул тууралуу кытай басылмалары жазышууда.

Маалыматта кылмышка барган адам ошол эле мектептин кароолчусу экени айтылат.

"Окуя бүгүн, 4-июнда саат 08:30да орун алган. Балдарга кол салган кароолчу 50 жашта экени белгилүү. Азырынча анын мындай ишке баруусунун себеби тактала элек. Бул окуядан болжол менен 40 адам жабыркаган. Алардын басымдуу бөлүгү балдар. Арасынан мектеп директору, башка кароолчу жана бир окуучу оор абалда ооруканада жатат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан