Дональд Трамп Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууну пландаган жок

АКШнын президенти Дональд Трамп полиция кызматкери тарабынан өлтүрүлгөн, теги африкалык болгон Жорж Флойдду акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышууну пландаган жок. Бул жөнүндө дүйнөлүк басылмаларда жазылды.

Жазылган маалыматка караганда, жакынкы күндөрү, тагыраагы, жекшемби күнү Райфорд (Түндүк Каролина штатында) жана Хьюстон (Техас штатында) шаарларында акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтмөкчү. Андан соң аны жерге беришет.

25-майда Жорж Флойд полиция кызматкери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн. Мындан улам АКШнын бир нече шааарларында нааразычылык акциясы күч алып, баш аламандык жаралган. Жорж Флойдду кыйноо жолу менен өлтүргөн полиция кызматкери Дерек Човин 40 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экендиги айтылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
0001KG
2020-06-05 10:38:46
Анда өлкөдөн качууну пландап жатканго.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан