АКШда тик учак кырсыгынан каза болгон 39 жаштагы Дэниел Шедд аттуу адам кырсык болорго беш мүнөт калганда апасына достору менен чогуу селфиге түшүп жиберген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, окуя 31-майда болгон. Анда Дэниел Шедд жогорку окуу жайда чогуу окуган үч досу менен төрт кишилик тик учак менен учушкан. Кырсык болорго 5 мүнөт калганда Шедд апасына достору менен чогуу селфи кылып сүрөтүн жиберген. Беш мүнөттөн кийин тик учак Иллинойс штатындагы Карлинвилл шаарына жакын жерде кулаган.
Шеддин атасы баласы биринчи жолу тик учак менен учканын жана ал бул убакытты көптөн бери күтүп жүргөнүн айткан. Ал эми тик учак эмне себептен кулаганы азырынча белгисиз.
Басылмалар жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, катышуучулардын дээрлик жарымы сонун селфи үчүн өмүрүн тобокелге салууга даярдыгын айтышкан. Мисалы, мыкты сүрөткө түшөм деп жардын кырына турганын билдиришкен. Ар бир онунчусу жакшы кадр тартам деп травма алгам деп жооп берген.