Өлкөдө коронавирустан дагы 2 адам каза болду. Анын бири 34 жаштагы аял, экинчиси 82 жаштагы аял

Өлкөдө коронавирустан дагы 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Каза болгондор Ош облустук бириктирилген ооруканасынан 34 жаштагы аял киши, Бишкек шаарындагы Улуттук фтизиатрия борборунан 82 жаштагы аял киши. Алар оор абалда реанимацияда жатышкан.

"82 жаштагы аял 31-майда ооруканага түшкөн. Илдет ишканада эмгектенген кызынан жуккан. Кызы коронавирусту жуктуруп алганы 29-майда аныкталган. Маркум кант диабети менен жабыркаган.

Ал эми 34 жаштагы аял залалдуу шишик дарты менен жабыркап келген. Дарылоо жүргүзүлгөнүнө карабастан жардам берген эмес", - дейт Үсөнбаев.

Жалпы өлкөдө коронавирустан 22 адам каза болду.

Дагы 2 адам коронавирустан каза болду
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан