Полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн Жорж Флойддун үй-бүлөсүн колдоого 13 миллион доллардан ашуун каражат топтолду

АКШда 25-майда полиция кызматкерлери тарабынан кыйноо жолу менен өлтүрүлгөн Жорж Флойддун үй-бүлөсүн колдоо максатында атайын эсеп ачылып, ага 13 миллион доллардан ашуун каражат чогулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, атайын эсепти маркумдун бир тууганы 1 жарым миллион доллар каражат топтоо үчүн ачкан. Бирок Жорж Флойддун үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүүнү каалагандардын саны көп болуп, эсепке жалпысынан 13 миллион 5 миң 600 доллар каражат түшкөн.

Топтолгон каражат маркумду акыркы сапарга узатууга жана башка чыгымдарды жабууга, Флойддун үй-бүлө мүчөлөрүнө психологиялык жардам берүүгө сарпталат деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ilgizk
2020-06-05 23:22:44
Байкуш 20 доллар деп өлүп кетти ,мына мынтип аркасынан 13 млн. Топтолуп атат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан