Жакынкы убакытта Тажикстан коронавирус инфекциясы катталганын тастыкташы мүмкүн

Коңшу Тажикстанда жакынкы убакытта өлкө бийлиги коронавирус инфекциясы катталганы тууралуу кабарлап, бир нече аймактарга карантин киргизиши мүмкүн. Бул тууралуу орусиялык "Интерфакс" маалымат агенттиги жазып чыкты.

"Жакында Тажик өкмөтү өлкөдөгү оор эпидемиологиялык кырдаалды жана коронавирустун бар экендигин билдирет, ошондой эле өлкөнүн айрым аймактарында карантиндик чараларды киргизет", - деп билдирген аталган агенттикке маалымат булактары.

"Тажикстанда 60тан ашык адам карантинге алынды. Алардын арасында борбор шаардын мектептеринин мугалимдери, Ички иштер министрлигинин жана Улуттук банктын кызматкерлери бар. Өткөн аптада Тажикстандын башкаруучу Элдик-Демократиялык партиясынын төрагасынын орун басары Хайринисо Юсуфи карантинге алынган", - деп билдирген маалымат булагы.

26-апрелде Тажикстандын коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабы коронавирус коркунучуна байланыштуу, 27-апрелден 10-майга чейин мектептерде, баштапкы кесиптик билим берүү мекемелеринде жана орто кесиптик билим берүү мекемелеринде эки апталык каникул жарыялоо чечимин кабыл алган жана ошондой эле футбол боюнча өлкө чемпиондугу токтотулган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
KalenAlmaz
2020-04-28 10:47:29
ЭммммииТаажилер силеер карантинге киргиле бииз чыгалы еми жошоо ушундай екен.
+13
chake
2020-04-28 11:10:56
Тажиктер алдын алып сактануунун ордуна тескерисинче бизде жок деп пропагандалап жатты эми жаман эле болот го булар да
+10
bond02
2020-04-28 11:54:26
Тастыктабаса оздорунчо курошо беришсин оору менен.
+1
murat17
2020-04-28 13:25:50
Рахмонстан олуптур анда
+1
murat17
2020-04-28 13:35:02
Рахмонстан менен болгон чек араны жаап брондоп салыш керек
+1
abusait
2020-04-28 14:35:13
Ооруну жашырсан олум ашкере
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан