Бишкекте жол тандабас унаасынын айдоочусу күзөтчүнүн кабинасын сүзүп, андан соң кызматкерге кол көтөргөн айдоочу кармалды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
"Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу мас абалында болгон. Аны Токмоктогу посттон кызматкерлер тоскондо токтобой кеткен. Анын артынан кууп барып, Кеминден кармашты", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.
Учурда унаа айып короосуна токтотулуп, териштирүү иштери жүрүүдө.