Казакстандын Алматы шаарында коронавирустан каза болгондорду атайын полигонго көмүшөт. Бул тууралуу шаардык сапат көзөмөлү жана товар коопсуздугу департаментинин башчысына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Каза болгон бейтапты көмүү алгоритмин ыкчам штаб кабыл алган. Алгоритмге ылайык, сөөк дезинфекцияланат, бирок союлбайт, кремацияланбайт. Учурда сөөк коюлуучу полигон аныкталган.