Бүгүн, 7-апрелде саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коронавируска байланышкан өлкөдөгү абал тууралуу маалымат берди.
Учурда өлкө боюнча 228 жаран коронавирус менен ооруп жатат.
Суроо: Коронавирустан каза болгондордун бири инфарктка кабылганы айтылган. Бирок бейтаптар вируска кабылганын укканда психологиялык басымга дуушар болушат да. Алар менен психологдор иштешеби?
Жооп: Ооба, андай учурда бейтаптын жакындарына дагы психологиялык жардам керек.
Суроо: Эмнеге давааттан келгендер катуу карантинге алынган эмес?
Жооп: Давааттан келгендерди үй карантинине жибергенбиз. Бүгүнкү күндө алгоритмди өзгөрттүк. Давааттан келгендердин анализи чыкмайынча, биз аларды үйлөрүнө чыгарбайбыз.
Бизде ПЦР-тесттер жетиштүү. Мындан тышкары ушул аптада 35 миң даана тест-систем Түркиядан келери күтүлүүдө.
Коронавируска кабылган медицина кызматкерлерине компенсация төлөө маселеси кечээ, 6-апрелде каралды. Компенсациянын суммасын комиссия аныктайт – бул бир жолку компенсация, ал эми өлүм катталса, башка компенсация каралат. Комиссиянын чечиминен кийин бул маселе Жогорку Кеңеште караларын билдирди министр Сабиржан Абдикаримов.
Казакстанда 4 кыргыз айдоочусунан коронавирус аныкталган. Алардын үчөө өлкөгө алып келинди. Бирөө Орусиялык жаран болгону үчүн өлкөгө киргизилген эмес.
"8 миң тоңдурулган үлгү алынган жарандар учурда үй карантининде. Биз алгоритмди өзгөрттүк, мындан ары обсервациядагы жарандарды үйүнө жөнөтпөйбүз. Күнүнө миңден ашуун тест алынып жатат", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министри.
Бүгүнкү күндө 19 медицина кызматкерлеринен коронавирустун козгогучтары бар экени аныкталды.
"Коронавирустун күч алган мезгили болжолдуу кайсы учурга туура келери боюнча айтуу кыйын. Биз бул боюнча алдын ала божомолдорду карап жатабыз, жакынкы күндөрү айтабыз", - дейт Сабиржан Абдикаримов.
"Мейманканаларда обсервацияда жаткандардын арасында коронавируска кабылгандар бар экени аныкталды. Биз аларды дарылоого алып кетип, калгандарын карантинге жиберебиз", - дейт министр.
Бүгүнкү күнгө карата 21 бейтап стационарда жатат. Алардын ичинен 10 бейтаптын абалы орто оор деп бааланууда.
Коронавирус менен ооруп жатканы аныкталган 12 бейтаптын бирөө кичи ажылык зыяратынан келген. Калгандары ооругандар менен байланышта болгон.
Кечээ, 6-апрелде 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Бүгүнкү күнгө карата вирус жуктурганы аныкталган 12 жарандын ичинен жетөө медицина кызматкерлери. Булардын ичинен төртөө 1 дарыгер жана 3 медайым Ноокаттагы оорулууларды карашкан. Дагы 1 врач, 2 медайым Ош шаарындагы жугуштуу оорулар бөлүмүндө иштегендер. Бирөө кичи ажылык зыяратынан келген адамдан жуктуруп алган. Калгандары үйдөгү байланыштан жуктуруп алган.
Өткөн сутка ичинде COVID-19 вирусун жуктурган дагы 12 жаран катталды. Алардын ичинен 3өө эркек жана 9у аял. Анын баары Ош облусунда обсервацияда жайгашкан. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри билдирди.