Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда айтты. Алар:
Ош шаары – 1;
Ош облусунда – 1;
Ысык-Көл облусунда – 3.
Ал эми стационарлардан сутка ичинде 11 медкызматкер айыгып чыкты.
Жалпысынан 403 медициналык кызматкерден коронавирус аныкталып, бүгүнкү күндө алардын ичинен 293ү айыккан.