Министрлик Орусияда жүргөн Кыргыз жарандарын Казакстан аркылуу өлкөгө келүүдөн баш тартуусун өтүнөт

Тышкы иштер министрлиги бүгүн, 19-мартта Орусияда жүргөн Кыргыз жарандарына кайрылуу жасады. Анда Кыргыз өлкөсүнө кайра келүүгө аракет кылгандар жерде жүрүүчү транспорттор менен Орус-Казак чек арасы аркылуу өтпөй турууну суранат.

"Казакстанда 15-апрелге чейин өзгөчө кырдаал киргизилип, чет өлкөлүк жарандардын чек арадан өтүүсүнө чектөө киргизилген жана Казакстандын аймагынан транзиттик өтүүгө дагы тыюу салынгандыгын маалымдайбыз", - деп айтылат маалыматта.

Суроолор боюнча Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилигинин байланыш номерлери (күнү-түнү кайрылса болот): +7(499)238-33-04; +7(499)230-11-17; +7(925)103-29-11.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук кызмат департаментинде иштеген түз байланыш номери: +996551312000 (WhatsApp, Viber, Telegram социалдык тармактардагы каналдары боюнча аудио жана тексттик билдирүүлөрдү кабыл алат).

Кызматтык телефон номери: +996312660811 (кошумча номер 109,119).

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан