Жалал-Абад облусу боюнча 76 адам обсервацияда жатса, анын 25и ак халатчандар

Жалал-Абад облусу боюнча жалпы 76 адам обсервацияда жатса, анын ичинен 25и медицина кызматкерлери. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедов онлайн брифинг учурунда айтты.

"Облус боюнча 76 адам обсервацияда жаткан болсо, анын ичинен 25и ак халатчандар. Обсервацияда жаткан медицина кызматкерлери оорулууларды дарылоого кирген дарыгерлер болуп эсептелет. Жакынкы күндөрү булардын дагы экинчи жолу ПЦР-анализ алынгандан кийин көзөмөлдөн чыгарылат.

Ошондой эле облус аймагына сырттан келген адамдардын саны 833тү түзөт. Булардын көпчүлүгү үй карантин көзөмөлүнө алынды. Үй шартындагы карантинди сактоого мүмкүнчүлүгү жоктор обсервацияларга жаткырылды. Алардын ичинен 628инен экинчи жолу анализ алынып, үй көзөмөлүнөн чыгарылды. Калган сырттан келген 205 адам азыркы учурда үй көзөмөлүндө", - деди Мирзахмедов.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан