Азербайжанда карантиндик режимдин мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды

Азербайжан өлкөсүндө коронавирус пандемиясынан улам киргизилген карантиндик режимдин мөөнөтү 1-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн оперативдүү штабынан билдиришкен деп жазышат чет элдик маалымат каражаттары.

"Өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды жана вирустун жайылуусунун көрсөткүчүн эске алуу менен карантиндик режимдин мөөнөтүн 1-июлга чейин узартуу чечими кабыл алынды. Карантин режиминин талабына ылайык, чек аралар жабык бойдон калат", - деп айтылат маалыматта.

Акыркы маалыматтарга караганда, Азербайжанда коронавирус инфекциясын 8191 адам жуктуруп алган. Алардын ичинен 98 адам каза болсо, 4606 адам сакайып чыккан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан