Бир сутка ичинде өлкө боюнча 56 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Муну менен өлкөнүн медициналык мекемелеринин кызматкерлеринин арасында илдетке кабылгандардын жалпы саны 6 миң 12 болду.
Бишкек шаары - 29;
Ош шаары – 3;
Ош облусу - 2;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу - 11;
Чүй облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 1.
Ал эми бир суткада стационардан 10, үй карантининен 23 ак халатчан чыгарылды. Айыккандардын жалпы саны 5 миң 218ге жетти.