Нарын шаарында 6-июлдан тартып күндүзгү стационарлар ачылып, иштей баштады. Маалыматты Нарын шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, Нарындагы 5 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунда күндүзгү стационарлар уюштурулуп, аларда 50 койка иштеп жатат.
Учурда дагы 50 койка даярдалууда. Мындан сырткары ар кандай кырдаалга даяр болуу максатында кошумча койкаларды уюштуруу үчүн ылайыктуу имараттар каралып жатканы маалымдалат.