Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маска кийүү эрежелерин күчөтөт. Мындай маалымат аталган уюмдун расмий сайтына жарыяланды.
Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус инфекциясынын жайылышы учурунда медициналык бет капты колдонуу боюнча жаңыланган көрсөтмөнү жарыялады. Анда эл көп топтолгон жерде жүргөндө бир метр аралыкты сактоо, үйдүн жана мекемелердин ичинде желдетүүлөр начар болсо дайыма бет капты тагып жүрүү керек деп айтылат.
"Мектептин, дүкөндүн, үйдүн ичинде бөлмөлөр талаптагыдай желдетилбесе сунушталган талапка
ылайык бет капты тагынуу керек. Карылар жана өнөкөт оорулары бар адамдар дагы талаптарды
аткарышы шарт. Бул эрежелер чоңдорго жана 12 жаштан жогорку балдарга тийиштүү", - деп
жазылат маалыматта.
"Коронавирустун күчөп кетпөөсү үчүн бет капты тагынуу сунуштары эң маанилүү өзгөрүүлөрдүн бири", - деп билдирген уюмдун өкүлү Маргарет Харрис.