АКШда коронавирус аныкталган адамдардын саны 2 миллиондон ашты

Коронавирус инфекциясы дүйнөгө кеңири кулачын жаюуда. Пандемиядан дүйнөдө эң көп жапа чеккендердин сап башында АКШ турат. Акыркы маалыматтар боюнча бул өлкөдө коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын саны 2 миллиондон ашты.

Ал эми инфекциядан каза болгондордун жалпы саны 112 миң 924 адамга жетсе, жарым миллиондон ашык адам, тагыраагы, 533 миң 504 бейтап айыгып чыкты.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан