Балбак Түлөбаев: "Жардам таратуу боюнча бизге карата ишенбегендер болду, андыктан жардам алгандардын электрондук тизмесин түзөбүз"

Бүгүн, 3-майда Бишкек мэриясынын аппарат башчысы, өзгөчө абал учурунда жарандарга азык-түлүк жеткирүү жана түз байланыш кызматынын башында турган Балбак Түлөбаев маалымат берүүдө. Канча үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөнүн айтып жатып, ал өздөрүнө карата айтылган сын-пикирлерге токтолду.

"Бизге карата түрдүү пикирлер да айтылып жатат. "Ишенбейбиз, өздөрү алып алышат" деген кептер тарады. Биз жарандар арасындагы ишенбестиктерди жоюу үчүн жардам алгандардын электрондук тизмесин түзүүнү туура көрдүк.

1227 деген порталга тизме жазылууда, биз түзгөн тизме 108 миң адамдан ашты. Бул жардам мэрия, өкмөт, штаб, жеке бизнесмендер тарабынан берилди. Башында биз кемчиликтерди кетирсек кетирдик, бирок биз ал катачылыктарды оңдоп, эч нерсеге карабай ишти улантып жатабыз. Карантин башталгандан тартып түз байланышка 10 миңдей адам чалды.

Урматтуу тургундар, биз колдон келишинче жардам жеткирип жатабыз. Баарыбызга оор болуп турат, бирок коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүп жатат, буга байланыштуу дагы сабырдуу болуп үйдө болуңуздар", - деди Түлөбаев.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Isa2014
2020-05-03 13:44:52
Актанып атат Балбак балпайып. Көрүп атабыз кандай жардам бергенин. Мэрия апкелип квартальныйга тапшырат элге тарат деп. А квартальный өзүнө караштууларга ыңгайлуу список түзүп калганы үйүнүн подвалында жатат үйүлүп. Кийинчерээк алып чыгып сатат элге магазинге коюп алып
+3
Gulya78
2020-05-03 14:03:38
Квартальныйлар менен домкомдор ортодо жеп атышат ар бирин көзөмөлгө алалышпайт
+2
BarsBaatyr
2020-05-04 09:54:33
Кыргызстан боюнча жардам алгандардын электрондук тизмесин жарыялансын. Аты-жөнүн, кайсы жерден (шаары, айылы, көчөсү, үй номери), жана эмне алганынын. Каалаган жаран сайтка кирип, тизмени карай ала турган болсун. Өзүн издей ала турган болсун. Бул нерсени жасаш эң эле оңой. Мына ошондо баары ачык болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан