ЭЛДИК КАБАР: "Карантинди урганым жок дешкениби? Бишкекте жумушчу топ сейил бак куруп жатышат" дейт окурман

"Элдик кабар" бөлүмүнө окурман "Жаш гвардия менен Чоң Чүй каналынын кесилиши тарапта коронавирус, жаан-чачынга карабай сейил бак куруп жатышат" деген аталышта сүрөт, видео тиркеп маалымат жөнөттү.

"Бишкек шаарына өзгөчө абал режими жарыяланып, 3төн ашык адам чогулбасын, массалык топтолуу болбосун деп эскерткени менен Чоң Чүй каналынын айланасында топ адамдар сейил бак куруп жатышат. Алардын арасында медициналык бет кап кийгени да, кийбегени да бар. Кадимки күндөй эле мамыр-жумур иш жүрүп жатат. Алардын арасында, балким, бирөө ооруп калса канча кишиге жугат? Ал жагын эмнеге карашпайт?" - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Карантинге карабай иштеп жатышат
Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
KalenAlmaz
2020-04-13 13:49:58
Жаз жарыш куз курош дегендей жазгы бир кунун бир жылга тете дейт ишти кылыш керек да,андан коро кочодо туну куну себепсиз басып журондорду тартсан озун не кылып журосун карантинде кочолоп.
+7
Krai
2020-04-13 14:12:24
KalenAlmaz,KalenAlmaz, эң туура айттың да азыр жаздын ар бир күнү кымбат. Карагылачы жамгырдын жаап жатканына карабай иштеп жатышат. Жөндөн жөн эле талдан бутак чыгара бересиңер да
+6
bond0202
2020-04-13 15:21:05
коменданттык саатты бузуп туну кочого чыккандарды иштетиш керек ушундай керектуу иштерге
+7
Kuba-savai87
2020-04-13 16:38:12
Сенин ишин не иштеп аткандар менен? Сенин да ишин бар учун кочого чыкандырсын. Олтурбайсынбы ХХХХХ
+3
katerina.li
2020-04-13 18:15:07
Ыйлагым Келип атат.
+2
Krai
2020-04-13 19:03:19
katerina.li, сабыр кыл бир тууганым... Кудай буюрса баары жакшы болот. Бул атың очкур ооруну жеңебиз. Аллах насип кылса
+1
TIMON_BERKOWITZ
2020-04-14 10:54:49
Мешать этпей кет үйүңө@
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан