Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны 1261ге жетти

Коңшу Казакстанда коронавирус инфекциясы бүгүн, 15-апрелде дагы 29 кишиден аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Казакстанда бул инфекция менен ооругандардын жалпы саны 1 миң 261 адамга жетти. Анын ичинен:

Нур-Султан шаарында 291 адам;

Алматы шаарында 364 адам;

Кызылорда облусунда 124 адам;

Караганда облусунда 80 адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул өлкөдө инфекциядан 14 адам каза болуп, 203 адам айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ZUXRIDDIN20
2020-04-15 12:54:59
Өкүнүчтүү Өзбекстан(1214) Казакстанга(1278) жетей деп калды
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан