Куршаб, Мырза-Аке жана Жазы айылдарынын тургундары кошумча 80 пост орнотту

Өзгөн районунун милиция кызматкерлери коронавирус илдетинин жайылышына бөгөт коюу боюнча зарыл чараларды көрүүдө. Учурда Өзгөн РИИБинин өздүк курамы толугу менен күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшүүдө.

Кара-Суу району менен чектешкен Кызыл-Октябрь айыл-аймагында жана Жалал-Абад обулусунун Сузак району менен чектешкен Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн аймагында санитардык-карантиндик посттор орнотулду. Аталган постто күнү-түнү милиция кызматкерлери, райондук ӨКМ, медициналык кызматкерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызмат өтөшүүдө. Бардык кызматкерлер жеке коргонуучу каражаттар, медициналык бет каптар, атайын кийимдер жана атайын көз айнектер менен камсыздалган.

Мындан сырткары Куршаб, Мырза-Аке жана Жазы айыл аймактарында жергиликтүү тургундардын демилгеси менен кошумча 80 пост орнотулду. Булардын 30дан ашуун постторунда конфликттик абалдарды жоюу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жергиликтүү аймактык ыйгарым укуктуу милиция кызматкерлери бекитилди. Ошондой эле райондогу обсервация милиция тарабынан күнү-түнү кайтарууга алынды.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан