Бишкекте МАИчини тоготпой качып, жол эрежелерин бузган Лексус унаасынын айдоочусу Назгүл Чодронованын иши сотко жиберилет. Учурда анын мыйзамсыз аракеттери боюнча административдик протокол түзүлүп, сотко жөнөтүлүү алдында турганын Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди. Чодронова МАИчилерге токтобой койгону, жол эрежелерин бузгандыгы үчүн айыпталууда. Айта кетсек, Чодронова унаасында МАИчини тоготпой качып, артынан кууп барган инспектор унаасынын номурун чечип алат. Бул учурда ал кимдир бирөөгө телефон чалат. Көп өтпөй инспекторго командири телефон чалат да, ал номурду кайтарып берет. Ошентип айдоочуга чара көрүлгөн эмес. Бул иш мындан 2 ай мурун болуп, окуянын жүрүшү тартылган видео 6-сентябрда коомчулукка жарыяланган эле.