БУУнун (Бириккен улуттар уюму) баш катчысынын өкүлү Эри Канеко Кытай менен Индия ортосундагы мындай жаңжалдан улам эки өлкөнү сабырдуу болууга чакырды. Бул тууралуу ал 16-июнда маалымат жыйынында билдирген.
"Биз Индия менен Кытайдын ортосунда орун алган жаңжал тууралуу жана андан каза болгон аскерлер тууралуу кабардарбыз. Мындай кырдаалда эки өлкөнү сабырдуу болууга чакырабыз", - деген Канеко.
Эске салсак, Индиянын Ладакх провинциясындагы Кытай менен болгон чек арада эки өлкөнүн аскер кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу орун алып, анын кесепетинен Индиянын 20 аскери каза болгондугу кабарланган.