SUPER.KG порталынын #ГалстукТар долбоорунун кезектеги коногу Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева болду.
Ал Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевдин убагында иштегендер кайрадан Садыр Жапаровдун жанына топтолуп алганын айтты.
"Чечимди туура кабыл алуу президенттин өзүнө 100 пайыз таандык. Акылбек Жапаров биз Садыр Жапаровду хан кылалы деп жатат. Бул сөз аябай чоң минус алып келет. Садыр Жапаровдун андай ою жок. Акаев, Бакиев, Атамбаевдин убагында иштегендер азыр кайсы жакта? Аларды кайрадан топтоп алды. Бул нерсе элге жакпай турат. Мен муну айтсам мен да ага жакпай турам. Чындык өзү ачуу болот", - дейт ал.