Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмония илдетинен сакайып чыккандардын саны 475 болду. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдап, аймактар боюнча статистиканы жарыялады.
Бишкек – 183;
Ош шаары – 118;
Чүй облусу – 54;
Ош облусу – 70;
Талас облусу – 2;
Нарын облусу – 4;
Ысык-Көл облусу – 6;
Жалал-Абад облусу – 22;
Баткен облусу – 16.
Муну менен айыккандардын жалпы саны 106 миң 858ге жетти.