Бишкекте КамАЗ менен "Тез жардам" унааларынын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Кырсыктын кесепетинен 3 жаран жаракат алып, ооруканага жеткирилди деп билдиришти патрулдук милициянын басма сөз кызматынан.
Жол кырсыгы бүгүн, 18-июнда саат 13:40 чамасында Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде орун алды. Азыркы учурда кырсык болгон жерде кайгуул кызматкерлери тиешелүү иштерди жүргүзүп жатышат.
Кошумча маалымат берилет.