Министр: "Коронавирус менен ооругандар үйдө дарыланып жатып, 6-7-күнү келишүүдө. Бул учурда оору өтүшүп кетет"

"Коронавирустун белгилерин байкаган адамдар үйдөн дарыланууну адатка айланта башташты", - деди бүгүн, 22-июнда саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов.

Ал жарандарды санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин баарын сактоого чакырды.

"Мен жарандарды бул ооруга карата олуттуу мамиле жасоого чакырат элем. Азыр үй-бүлөсү, балдары менен кенен эле конокко барып жүрүшөт. Көпчүлүк адамдар өздөрүнүн саламаттыгы тууралуу ойлонбой жаткандыктан, абал курчуп бара жатат. Мындан тышкары кээ бирлер оорунун белгилерин байкагандан кийин үйүндө дарыланып жатышат, бул туура эмес. Оорунун белгилери болсо дарыгерге кайрылыш керек. Айрымдар ооругандан 6-7 күн өткөндөн кийин келишүүдө. Бул учурда илдет өтүшүп кеткен болот. Бүгүн, 22-июнга карата каза болгон 3 бейтап да бизге кечирээк кайрылышкан, ооруканада бир эле күн болушту", - деди Абдикаримов.

Ошондой эле ал акыркы күн ичинде каза болгондордун көбү ооруканага кеч кайрылышканын айтты. Мындан тышкары көпчүлүгүндө дагы башка оорулар бар экенин кошумчалады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан